Дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайында табылган. Шектүү кармалды
RU

Дайынсыз болуп жаткан жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайында табылган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы жигиттин сөөгү Чычкан капчыгайында кырсыкка кабылган унаадан табылган. Анын өлүмүнө шектелип мурда сот жообуна тартылган жаран кармалды.

ИИМдин маалыматына ылайык, 21-октябрда Свердлов РИИБине шаар тургуну кайрылып, 2001-жылы туулган Т.Б. аттуу баласы дайынсыз жоголгонун, аны табууга жардам берүүнү суранган. Жигит 20-октябрда үйүнөн өзүнүн Toyota Crown унаасы менен чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес. Ал кийим тигүүчү цехте иштеп жүргөн.

Эртеси күнү, 22-октябрда Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 унаасы табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Унаа тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Салондон жигиттин жансыз денеси табылган.

Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзүп, жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал дайынсыз жоголгон Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 2001-жылы туулган Т.Б. болуп чыккан. Топтолгон материалдардын негизинде122-берене (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жигитке тиешелүү болгон Toyota Crown унааны белгисиз адам башкарып бара жаткандыгын аныкталган. Айдоочу Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.А. аттуу тургуну сурак берип, унааны бир күн мурда сатып алганын айткан.

Милиция кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүндө Кадамжай районунун 1993-жылы туулган К. уулу А. аттуу тургунун Бишкек шаарынан кармашкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, анын өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар.

К. уулу А. мүлкүн тартып алуу максатында алдамчылык жолу менен 22 жаштагы жигиттин унаасын ээлеп алып, сатууга да үлгүргөн. Унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, Чычкан капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан. Чычкан капчыгайында табылган ВАЗ-21074 унаасы шектүүгө тиешелүү. Ал унааны жабырлануучуга тиешелүү болгон унааны саткан акчага алган.

Шектүү Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, К. уулу А. башка мамлекеттин аймагында дагы ушундай эле кылмышты жасаган деп шектелүүдө. 2021-жылдын июнь айында Москвада токтоп турган ВАЗ 2107 унаасынын арткы отургучунан белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Маркум ал Россиянын жараны, Кыргызстандын тургуну 1977-жылы туулган К.А. экени аныкталган. Ал 2021-жылдын январь айынан бери дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы караган. Тергөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери шектүү катары К. уулу А`ны Баткен районунун аймагынан кармашкан. Бирок далилдер жетишсиз болгондуктан (эксперттик изилдөөлөр толук эмес) иш бүтпөй келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14811