ЦУМда бомба бар деген билдирүүнү таратканга шектүү кармалды. Видео
RU

ЦУМда бомба бар деген билдирүүнү таратканга шектүү кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "ЦУМ Айчүрөк" соода борборунда бомба бар деген билдирүү жалган экени такталып, билдирүү тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

26-октябрда саат 11:59да ЦУМдун кызматкерлеринин биринин соцтармактагы баракчасына соода борборго жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү түшкөн.

Соодагерлер менен кардарлар эвакуацияланып, имарат курчоого алынган. Текшерүүдөн кийин жардыруучу зат табылган эмес.

Териштирүүнүн алкагында ыкчам кызматкерлер тарабынан 2004-жылы туулган Кыргызстандын жана Россиянын жарандыгын алган, Бишкек шаарында жашаган 2004-жылы туулган Г. А. кармалды. Ал соода борборлордун бириндеги коомдук тамактануучу жайда иштейт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жигит социалдык тармактарда фейк аккаунт ачып, ал жерден жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөн. Учурда бул адамдын мурда жасалган ушул сыяктуу террордук мүнөздөгү кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14817