УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келди
RU

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткенге барып, жабык кеңешме өткөрдү. Андан кийин Баткендин обладминистрациясына келген. Ал жерге жергиликтүү калк чогулган болчу. Бирок Ташиев алар менен сүйлөшпөй эле обладмнистрациянын имаратына кирип кеткен.

Эске салсак, 29-апрелде, расмий маалыматка ылайык Ташиев дарыланууга чет өлкөгө чыгып кеткен. Түштөн кийин өзүнүн Facebook баракчасына ооруканага жетпей эле кайра үйгө кайта турганын маалымдаган болчу.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1481