Опузалоого шектелип, издөөгө алынган милиция кызматкерлери кармалды
RU

Опузалоого шектелип, издөөгө алынган милиция кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин пара талап кылууга шектелип, издөөгө алынган Ош ШИИБдин 3 кызматкери кармалды. Мындай маалыматты УКМКдан билдиришти.

Коопсуздук комитети тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун тургунунан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган ыкчам кызматкер кармалган. Текшерүүдө Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери - милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., милициянын капитаны Э.С.Э. жана милициянын майору Ж. уулу Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен А.уулу С`дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалаганы аныкталган.

26-сентябрда 100 миң сом алып жаткан жеринен Ош ШИИБдин ыкчам кызматкери, Ж. уулу Н. кармалган. Ал тергөө абагына киргизилип, анын шериктери издөөгө алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 3-октябрда издөөдө жүргөн Ош ШИИБдин кызматкерлери - милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И. жана милициянын капитаны Э.С.Э. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14821