Бала бакчанын тарбиячылары балдарды ажатканага камап, сабап, ооздорун скотчтошкон...
RU

Бала бакчанын тарбиячылары балдарды ажатканага камап, сабап, ооздорун скотчтошкон...

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл өкүлү Винера Раимбачаева Жалал-Абадда бала бакчанын тарбиячылары бөбөктөрдү сабап, оозун скотч менен чаптап, ажатканага камаганын айткан.

Анын айтымында окуя Жалал-Абад шаарындагы №8 "Теремок" муниципалдык бала бакчасында болгон.

"Тарбиячы бөбөктөрдүн жүрөгүн түшүрүп, уруп, оозун скотч менен чаптап, ажатканага камаган. Ушундай жол менен тарбия жүргүзөт экен. Андай болсо тарбиячыларды жумушка алуунун алдында психологиялык тест жасаш керек. Негизи мындай нерселерди бала бакчанын директору видеокамера боюнча табыш керек. Ата-энелер шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылганы менен ал жактан көйгөй чечилген жок", - деди депутат.

Бул боюнча билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча Жалал-Абаддагы "Теремок" балдар бакчасына барган балдардын ата-энелери 18-октябрда ал жакта иштеген А.О. жана К.Т. үстүнөн арыз менен кайрылышкан.

Шаардык билим берүү бөлүмүнөн комиссия түзүлүп, текшерүү жүргөн. Буга ылайык тарбиячынын бири түшүнүк кат жазып, жумуштан кеткен. Ал эми экинчиси ооруканада. Бала бакча жетекчисине сөгүш жарыяланган.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14823