Ысык-Көлдө кооптонуу жараткан балык изилденди. Жыйынтыгы
RU

Ысык-Көлдө кооптонуу жараткан балык изилденди. Жыйынтыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында балык уулоочулар суудан кооптонуу жараткан форелди табышкан. Kaktus.media сайтына жергиликтүү тургун видео менен бөлүшүп, учурда балыктын урук таштоо жана куут убагы экенин айтып тынчсызданды.

Балык чарба департаменти гегаркун форелдеринин кабырчактары жабыркаганын ырастап, 2-октябрда жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. 5 балыктан үлгү алынып, текшерүүгө жөнөтүлгөн. Жыйынтыктары терс болуп чыккан.

Андан тышкары 4-октябрда гегаркун жана кубулжуган форелдерден кайталанып үлгүлөр алынган. Азыркы учурда жыйынтыгы чыга элек.

Ошондой эле ооруган балык Улуттук илимдер академиясынын Биология институту тарабынан изилденди. Жыйынтыгы - балык сапролегниядан жабыркаганы ырасталды. Аталган институт тарабынн сапролегниянын алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңири сунуштар берилди.

Жалпысынан 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанда товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 231 миң 647 тоннаны түздү.

Сапролегния - грибоктук оору. Оору балыктын кабырчактарын, канаттарын жабыркатып, кээ бир учурларда оору булчуң ткандары жана ички органдар аркылуу тарайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14825