Карагандадагы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 36га жетти
RU

Карагандадагы шахтадагы жарылуудан каза болгондордун саны 36га жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Караганда облусундагы Костенко шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен 36 адам каза болгонун республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Каза болгон 29 адамдын сөөгү жер үстүнө чыгарылды. Он шахтёрду издөө иштери уланууда. Куткаруу иштерине он адам катышууда.

28-октябрда эртең менен шахтада метандын жарылуусу болгон. Кырсык болгон учурда ал жерде 252 адам болгон, 205 шахтер өз алдынча жер үстүнө чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Сырым Шарипханов калган адамдарды табуу мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин, бирок куткаруучулар үмүтүн үзбөй жатканын билдирди.

Кен "АрселорМиттал Темиртау" акционердик коомуна тиешелүү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө компания менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Казакстандын өкмөтү ишканага болгон менчик укугун республиканын пайдасына өткөрүп берүү боюнча компания менен келишимди жыйынтыктап жатканын билдирди. "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын бардык шахталарынын иши токтотулду.

Башкы прокуратура тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси (Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренесинин 3-бөлүгү) боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Токаев каза болгон шахтерлордун жакындары менен жолугуп, аларга бардык керектүү жардамдарды берүүнү убадалады. Ал 29-октябрды Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыялады. Россия, Беларусь, Кыргызстан, Франция жана Өзбекстандын президенттери, Түркиянын Тышкы иштер министрлиги шахтерлордун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14828