Караколдо дайынсыз болуп жаткан окуучунун жансыз денеси чуңкурдан табылды
RU

Караколдо дайынсыз болуп жаткан окуучунун жансыз денеси чуңкурдан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдо дайынсыз жоголгон мектеп окуучусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 30-октябрда саат 12:30 чамасында Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 13 жаштагы баласы эртең менен мектепке кетип, сабактан кийин үйүнө келбей калганын билдирген.

Бул маалымат каттоого алынып, дайынсыз жоголгон окуучуну издөө иштери башталган. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар шаардык стадиондун жанындагы 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан баланын жансыз денеси табылганын маалымдашкан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда өспүрүмдүн өлүмүнүн себептери жана жагдайлары такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14839