"Килограммы 2 миң евро". Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шафран өстүрүүнү сунуштады
RU

"Килограммы 2 миң евро". Айыл чарба министрлиги дыйкандарга шафран өстүрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири - шафран өстүрүүнү сунуштады. Аталган мекемеден билдиришкендей, шафранды өстүрүү бардык дыйкандарга сунушталат.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 26-сентябрынан бери Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада шафран өстүрүлүп жатат.

Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалууда. Эгер бул программа кабыл алынса, дыйкандарга шафранды кантип туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт.

Шафрандын жалбырактары азыктык жана дарылык касиетке ээ. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө өстүрүлөт. Шафрандын килограммы Европа базарларында сортуна жараша 2 миң евродон жогору сатылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14841