Эки жубайы бар кишинин мааракесинде тамадалык кылган Кубаныч Баркалбасов үн катты
RU

Эки жубайы бар кишинин мааракесинде тамадалык кылган Кубаныч Баркалбасов үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү тамада, ырчы Кубаныч Баркалбасов соцтармакка 60 жаш мааракедеги тойдон кыска видео жарыялап, сынга кабылды. Буга той ээсинин эки аялы бар экендиги себеп болгон. Кызуу талкууга алынган той жана той ээлери тууралуу Кубаныч Баркалбасов Kaktus.kg сайтына буларды билдирди.

"Негизи бул теманы анчалык талкуу кылбай деле койсок болмок. Бул үйлөнүү той эмес. Видеону, сүрөттү той ээлеринин уруксаты менен чыгаргам. Той ээсинин биринчи аялы 25 жыл мурда жолдошуна экинчи аял алууга уруксат берген экен. Тагыраагы, Бакыт байкенин биринчи аялы катуу ооруп калат. Ошондо Бакыт байкеге кайненеси (аялынын апасы) башкага үйлөн дептир. Бирок ал көпкө чейин макул болбой жүрүп анан үйлөнүптүр. Андан кийин биринчи аялы да Кудайдан болуп айыгып, ошондон бери жашап келе жатышыптыр. Алар муну "эч кимден жашырбайбыз жана жашыргыбыз да келбейт, бизде баары жакшы" дешти. Балдары, неберелери бар", - деди Баркалбасов.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 176-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алуу, башкача айтканда, эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу - 100-300 саатка чейин коомдук иштерге же 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салуу менен жазаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14842