Президент маалымат катчысын Беларуска элчи кылып дайындады
RU

Президент маалымат катчысын Беларуска элчи кылып дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчисин бошотту.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Кыргызстандын КМШдагы уставдык органдарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ишти айкальштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Латвия жана Эстониядагы элчиси кызматтарынан бошотулду.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча КРнын КМШнын уставдык органдарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эрбол Султанбаев 2021-жылдан бери президенттин маалымат катчысы болуп эмгектенип келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14844