Өзгөндүк мугалим окуучуларды эмне үчүн чапкан? окуянын чоо-жайы
RU

Өзгөндүк мугалим окуучуларды эмне үчүн чапкан? окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунун Куршаб айылында мугалим 9-класстын окуучуларын тизип алып, бетке чапкан видео социалдык тармактарга тараган.

Окуянын күбөлөрү "Мугалимге карата чара көрүүнү суранып, анын жоругу этикага жатпайт", - деп билдиришкен.

Аталган окуя боюнча 2021-жылдын 29-апрель күнү Өзгөн РИИБсинин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖжКнин 65-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши болуп катталган.

Ведомоство берген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамаларында Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан В.И.Ленин атындагы №5 орто-мектебинин класстык бөлмөсүндө, ошол мектептин англис-тил мугалими, 9-в классынын класс жетекчиси Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 60 жаштагы К. С, 9-класста окуган окуучуларын 2006-ж.т. С. М, 2005-ж.т. Т. Н, 2006-ж.т. А. Д Н, 2005-ж.т. С. А жана 2005-ж.т. А. А ларды ишембилик кылбаган үчүн уруп сабаган.

Мугалимдин Өзгөн РИИБсине берген корсөтмөсүнө ылайык, ал бул класстын 5-классынан бери класс жетекчиси болуп келет. 23-апрель күнү сабак бүткөндөн кийин мектептин алдындагы жер тилкеде ишембилик кылыш керек болчу. Бирок видеодогу беш окуучу иш кылганга буюмдарын ала келишкен эмес, жана ишембиликке катышпай кетип калышкан.

Ал күнү мугалим өзү мектептин алдындагы жер тилкени тазалайт. 26-апрель күнү тигилген гүлдөрдү сугарып коюу үчүн окуучуларынан чакага суу алып келип берүүсүн суранат. Анда да окуучулар тил албай качып кетишет.

"Класска келсем, окуучулар отурушуптур, мен жиним келип аларды доскага чыгарып тизип, айтканды кылбай койгон үчүн беш баланын ар биринин баштарына бирден колум менен урдум. Калгандары качып кетип калышты- деп билдирген.

Аталган окуя боюнча жаш өспүрүмдөрдүн ата энелери арыз жазудан баш тартышкан. Учурда мугалимдин бул аракетине баа берүү максатында райондук билим берүү тармагынын жетекчилиги тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Топтолгон материалдын негизинде андан ары чара көрүлөт, деп Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1484