Колу, буту скотч менен байланган кыздын апасы окуя тууралуу айтты
RU

Колу, буту скотч менен байланган кыздын апасы окуя тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө колу, буту скотч менен байланып, көчөдө табылган 7-класстын окуучусунун кейсин акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабыркаган кызга жолугуп келишти. Жабырлануучунун апасынын айтымында, кызынын колу, буту байланып, ич кийими чечилген абалда кошуналары табышкан. Кошуна аял көчөдө бети менен жер карап, колу, буту байланып жаткан кызды көргөн. Кичинекей кыздын оозуна чүпүрөк тыгылган. Улгайган аял кыздын тамырын кармап көрүп, оозундагы чүпүрөктү алып салган. Андан кийин милиция кызматкерлерин чакырткан.

Кыз ошол убакта үйүнөн таштанды төгүп келүүгө чыгып, жолдо турган жаш жигиттерди көргөн. Алардын байкесин "көрдүңөрбү?" деп сураган. Жигиттер анын агасын көрбөгөнүн айтышкан. Кыз артына бурулуп кетип бара жаткан учурда кимдир-бирөө аны башка чапкан, эсин жоготкон. Оозуна тыгылган чүпүрөктү алган кезде гана эсине келген.

Кызга моралдык жана психологиялык көмөк керек. Жабырлануучунун апасы акыйкатчыга кызынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылды

Акыйкатчы бул арыздын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга кыздын укуктарын коргоо талабы менен кайрылуу жөнөттү. Ошондой эле укук коргоо органдарын жана прокуратура органдарын баланын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: spb.kp.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14862