Депутат менен кримавторитеттин сүйлөшүүсү делген аудио тарады
RU

Депутат менен кримавторитеттин сүйлөшүүсү делген аудио тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга крим төбөл Кадыр Досонов (Женго) менен Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун сүйлөшүүсү делген аудио тарады.

Анда өзүн Кадыр деп тааныштырган киши экинчи адамга Шайлоо деп кайрылып, алгач ал-жай сурашып, андан кийин парламентте уюшкан кылмыштуу топ тууралуу сөз кылбоону суранган.

"Бул жерде жаш балдар жаңжалдаша кетиптир, менин айдоочум аралашып калыптыр. Айбек иниге да айтып койчу", - деген.

Анын бул өтүнүчүнө экинчи тарап: "Болду, болду. Түшүндүм", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14864