Жалал-Абадда мугалим окуучунун колуна бир нече жолу ийне сайган. Териштирүү башталды
RU

Жалал-Абадда мугалим окуучунун колуна бир нече жолу ийне сайган. Териштирүү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда мугалим окуучулардын колуна ийне сайган. Окуя 24-октябрында Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Ч.Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүү мектебинде болгон.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.А. тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган.

Министрлик окуучулар, тарбиялануучуларга карата зордук-зомбулук көрсөтүүгө эч кимдин акысы жок экенин эскертти.

Учурда окуя боюнча Ички иштер министрлигине билдирилип, териштирүү иштери башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14870