Электросамокаттын катышуусундагы кырсыктар өсүп, министр жол тескөөчүлөрдүн ишин сындады
RU

Электросамокаттын катышуусундагы кырсыктар өсүп, министр жол тескөөчүлөрдүн ишин сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда үй-бүлөлүк зомбулуктар, өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштар, резонанс жараткан фактылар жана алардын алдын алуу иш-чаралары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишмердиктин натыйжалары жөнүндө маселелер да каралды.

Аткарылган иштер төмөнкүдөй натыйжа берген:

  • Катталган кылмыштардын бетин ачуу 4%га жакшырган.
  • Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, 6 тоннадан ашуун баңгизаттары аныкталып, өткөн жылга караганда 400 килограммга көп алынган. "Таза тергөө" программасынын алкагында 11 миң 501 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, тергөө жолу менен 2 миң 400 кылмыштын бети ачылган.
  • Коомдук жайларда жасалган кылмыштар 6%га төмөндөгөн.

Камералардын жардамы менен аныкталган кылмыштар

Өлкөнүн бардык аймактарына 3 миңден аштык видео камералар орнотулду. Анын ичинде 760 камера эл аралык нормаларга жооп берет.

Видео камералардын жардамы аркылуу 2 миң 500 кылмыштар ыкчам аныкталып, 555 адам мыйзам жоопкерчилигине тартылды. Ар түрдүү мүнөздөгү 500дөн ашык укук бузуулар жана коомдук жайлардагы кылмыштарга бөгөт коюлган.

Электросамокаттардын катышуусундагы жол кырсыктары

Электросамокаттар менен кырсыкка кабылгандар барган сайын өсүп жатат. 9 айда 58 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам жаракат алган. Айрыкча, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун аймагында көп катталды. Былтыр бир дагы электросамокаттын катышуусунда жол кырсыгы катталган эмес.

Айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, былтыр 765 айдоочу окуя болгон жерден качып кетсе, быйыл 786 айдоочу качып, бул көрсөткүч 21 учурга көбөйгөн.

Жол кырсыктарын алдын алуу боюнча башкармалыктын иштери кескин сындалды

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жол кырсыктарынын санын азайтуу боюнча дагы деле жетиштүү деңгээлде иш-чаралар жүргүзүлбөй жатканын айтып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишин кескин сындады. "Жергиликтүү жолдорго гана көңүл буруп, бирок сырткы маанилүү жолдорду көз жаздымда калтырып койдуңуздар.

Даректүү талдоого ылайык, 9 айда республика боюнча 4 миң 880 жол кырсыгы катталып, 489 адам каза болсо, анын ичинен жергиликтүү жолдордон 31 адам, айыл-шаар жана калктуу конуштардагы унаа жолдорунан 99 адам, мамлекеттик маанилүү жолдордон 39 адам жана эл аралык жолдордон 320 адам каза болгон.

Кызматтык милдеттерди аткаруудагы кемчиликтери үчүн тартип жазалары берилди

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн 119 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Анын ичинен 66 жетекчиге, айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелип, ишмердүүлүгү жыл жыйынтыгына арналган отурумда карала тургандыгы белгиленди.

Улан Ниязбеков кол алдындагы кызматкерлерге эскертүү берди

"Мындан ары бир дагы мыйзам бузууга жол берилбейт. Кимде-ким мыйзамдын талаптарын аткарбаса, анда ички иштер органдарынын катарынан биротоло бошотулат. Милдеттерди так аткаруу, намыскөй болуу, элге ак кызмат кылуу принциби жогору турушу керек. Мыйзам менен тартиптин үстөмдүгү болмоюнча, ишмердикти аткарууга мүмкүн эмес экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Бул талапты өздүк курамга жеткирип коюңуздар", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14871