Тазабек Икрамов: Ата-энесине жакшылык кылбаган адам, мамлекетине жакшылык кылбайт!
RU

Тазабек Икрамов: Ата-энесине жакшылык кылбаган адам, мамлекетине жакшылык кылбайт!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты, жакында эле грек-рим күрөшү боюнча ардагерлердин дүйнө биринчилигинде күмүш байге алып келген Тазабек Икрамов Kaktus.kg редакциясын эксклюзив маек берди.

Анда эл өкүлү турнирге өтө жоопкерчилик менен даярданганын айтып, Афинада өткөн бул дүйнө биринчилигине көптөгөн мыкты спортчулары барганын кошумчалады.

"Эң негизгиси утулуп калбайын, уят болбоюн дедим. Себеби, депутат катары жалпы эл, Кыргызстан карап тургандыктан, жоопкерчиликти аябай сездим. Жөнөкөй спортчуга караганда эки эсе жоопту болду. Себеби, эл өкүлүмүн дагы да.

Бирок, Кудайдын жардамы менен күмүш болсо дагы жакшы ийгиликке жеттим. Ал жактан келгенден кийин кайра эле жумушка чыгып, кадимки эле күндөр уланып жатат. Өзүбүз демилгелеген мыйзам долбоорлорун сунуштап, ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

"Ата-энесиз кароосуз тыштап кеткендерди жазалоо" мыйзамын сунуштап жатам"

Икрамов эки мыйзам долбоорунун автору болуп, ал комитетте каралаарын айтты.

"Эки мыйзамдын үстүндө иштеп жатам. Анын биринчиси: шайлоодогу жарандардын жоопкерчилиги. Бүгүнкү күндө жарандар мамлекет алдындагы милдетин аткарбай жатышат - шайлоого барып, макул болсо - макул, каршы болсо - каршы добушун бербей, кайдыгер карашууда.

Кайдыгерлик терроризмден да өтө коркунучтуу

Биздин келечегибиз болгон жаштарга, кийинки муунга кайдыгерлик көз караш менен карап жатабыз. Ал деген: шайлоого келип, өздөрү татыктуу адамды тандабай жаткандыгында. Жапа тырмак шайлоого катышып, келип, өзүлөрү тандоо кылса - абдан жакшы болмок. Биз укук менен, адамдардын укугу менен чектелип жатпайбызбы. Биз милдеттендиришибиз керек. Бул мыйзам долбоорун сунуштаганымда адамдардын укугу бузулуп калышы мүмкүн деп жатышат.

Мен айтат элем: адамдардын укугу - колунан жетелеп алып, шайлоого алып барып, мага шайла деп мажбурлаганда бузулат. Ар бир жаран ошону билиш керек. Ошол эле учурда мамлекет алдында - Кыргызстандын жараны болгондон кийин тандоого барып, добушту берүүнү - милдеттүүмүн деп эсептеши зарыл. Бул долбоордо шайлоого барып өз тандоосун тандабаган адам - мамлекеттик органдардан кандайдыр бир маалым кат алганы барганда, маалымдама бербей же айып-пул салууну сунуштап жатам

Мына ошондо бүгүнкү күндө элдер нааразы болуп жаткандай, депутаттарга да нааразы болуп жаткандай көрүнүш болбойт болчу. Бийликке нааразычылык да болбойт болчу. Ушунун баары элдин өзүнүн колунда", - дейт эл өкүлү.

Ата-энесин таштап кеткендерди жазалоо мыйзам долбоору

Депутаттын дагы бир сунуштап жаткан мыйзам долбоору карыган ата-энесин кароосуз таштап кеткендерди жоопкерчиликке тартууга багытталган. Азыр ал долбоор да комитеттин кароосуна кирет.

"Ата-энесин таштап кеткендерге өлчөмү 50 миңден 100 миңге чейин болгон айып пул салууну сунуштап жатам. Андан дагы баш тартып, кача турган болсо - жазаланат. Эгерде мамлекеттик кызматта иштеген болсо - ал жумушунан алынып, кайра мамлекеттик жумушта иштей албайт. Эми, өз ата-энесине жакшылык кылбаган адам - мамлекетине жакшылык кылбайт", - деди депутат.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14882