Бишкекте дүкөндөн 5 миллион сомду түзгөн ноутбук, телефондор уурдалган. Видео
RU

Бишкекте дүкөндөн 5 миллион сомду түзгөн ноутбук, телефондор уурдалган. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

13-октябрда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анда 13-октябрга караган түнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине терезенин тосмосун бузуп кирип, жалпы суммасы 5 миллион сомду түзгөн 6 ноутбук, ар кандай түрдөгү 64 уюлдук телефондорду уурдап кетишкени айтылган. 

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1976, 1996 жана 2002-жылы туулган шектүүлөр аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында борбор калаадагы күрөөканалардан 5тен ашык уюлдук телефондор далил деп табылып, кылмыш ишине кошулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14884