Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулар сынагына катышкан кыз-келиндер
RU

Кыргызстандын атынан эл аралык сулуулар сынагына катышкан кыз-келиндер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде ажарлуу, таланттуу кыз-келиндерди аныктаган сынактар өткөрүлүп келет. Бул жаатта Кыргызстанды да таанытып келген бийкечтер жок эмес. Эл аралык сулуулар сынагына өлкөбүздүн атынан ат салышкан кыз-келиндерди тизмектедик.

"Дүйнө сулуусу" сынагы

2017-жылы бул эл аралык сынакка модель Бегимай Карыбекова жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган. 2018-жылы Бегимай Карыбекова "Аалам сулуусу" эл аралык сулуулук сынагына катышкан, муну менен ал сынакка катышкан биринчи кыргызстандык болгон. Ага чейин эле Б. Карыбекова эл аралык "КМШ бикини сулуусу", "Мисс Кейт", "Мисс туризм-2015", Miss Intercontinental 2016 жана Top Model of the World-2016 сынактарда Кыргызстандын атынан чыгып жүргөн.

Ушул эле сынакка 2016-жылы Перизат Расулбек кызы да жолдомо алган. Бирок виза ачылбай калгандыктан сынакка бара алган эмес.

"Аалам сулуусу" сынагы

"Аалам сулуусу-2022" эл аралык сынагына өлкөбүздүн атынан модель Алтынай Ботоярова катышкан. Таажы үчүн 84 сулуу ат салышкан сынак Нью-Орлеанда өтүп, анда АКШнын аруусу Р'Бонни Габриэль жеңүүчү болгон.

"Дүйнө айымы" сынагы

Аталган сынакка 2023-жылы ырчы Айгерим Расул кызы катышып, баш байгени жеңип алды. Сынак Сочи шаарында өтүп, анда 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байге үчүн ат салышкан.

"Жер сулуусу" сынагы

2022-жылдагы Жер сулуусу сынагына 89 бийкеч катышып, анда Кыргызстандын атынан Айжан Чаначева да барган. Айжан Чаначева 2019-жылы "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болуп, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган.

Ал эми 2021-жылы бул сынакка кыргызстандык Екатерина Заболотнова катышкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу сынак онлайн режиминде өткөн.

2017-жылы Бегимай Назарова аталган конкурска катышкан.

"Мисс шериктештик" сынагы

Россиянын Уфа шаарында эл аралык "Мисс шериктештик-2023" этникалык сулуулар сынагы өтүп, анда 18 жаштагы Мадина Муратбекова финалга чыккан. Өлкөнүн намысын коргогон бийкеч Нарын шаарында туулган.

Princess of the Globe сынагы

Кыргызстандык Саадат Турусбекова Түркияда өткөн Princess of the Globe 2022, Photomodel of the World 2022 эл аралык сулуулук сынагына өлкө атынан катышып, сынакта ТОП-7ге кирген. Тагыраагы, ал "Азия ханбийкеси" титулун алып, жеңүүчүлөрдүн тобуна кошулган.

Miss Supranational сынагы

2022-жылы өткөн бул эл аралык сынакка Ширин Алайчиева катышкан. Ал Кыргызстандан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн Miss Supranational сынагына катышып жаткан биринчи өкүл экени айтылган.

Miss Global сынагы

Ырчы Азалия Дүйшөналиева Miss Global-2021 эл аралык сулуулар сынагына катышкан. Айта кетсек, ырчы ага чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Miss Cosmopolitan World-2018 жана Египетте өткөн Miss Eco International сулуулук сынактарында өлкө намысын коргогонго аракет кылган.

Miss Intercontinental сынагы

Кыргызстандык Разия Мансурова "Miss Intercontinental 2021" 49-эл аралык сулуулар сынагына катышкан. 2016-жылы аталган конкурска модель Бегимай Карыбекова катышкан.

Miss Aura International сынагы

Кыргызстандык модель Дея Султанжанова Түркияда өткөн Miss Aura International конкурсуна катышкан. Miss Aura International сынагы жыл сайын өтүүчү музыкалык фестиваль менен бирге болуп, ага дүйнөлүк масштабдагы музыканттар менен диджейлер катышат.

Queen of USSR cынагы

Аталган сынакка Кыргызстандын атынан 2016-жылы Уулжан катышып, финалга чейин жеткен.

2017-жылы ушул эле конкурста украиналык модель Алиса Саросек Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыккан. Ал мындай кадамын чоң апасы Кыргызстанда төрөлгөндүгү менен түшүндүргөн.

2019-жылы аталган эл аралык сынакка ырчы Лира Seven катышкан.

Miss Tourism International сынагы

Кыргызстандык Алтынай Абдымомунова Украинада өткөн "Miss Tourism International, Ukraine, Black Sea - 2018" эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болгон. Алтынай Тайванда жана Индияда өткөн сулуулук сынактарына, 2017-жылы "Кыргызстан сулуусу" конкурсуна да катышып, финалга чейин жеткен. Бирок аны сынактын уюштуруучусу катышуусуна бөгөт койгон.

"Россиянын мигранттар федерациясынын Мисси"

"Россиянын мигранттар федерациясынын Мисси - 2021" сулуулар сынагына кыргызстандык актриса, "Ээнсиреген үй" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон Марал Койчукараева катышып, финалына чейин өткөн. Финалда вице-мисс наамына ээ болгон.

Miss Planet International сынагы

Кыргызстандын атынан аталган эл аралык сынакка Гүлгакы Эргешова катышат. Сынактын финалы 2023-жылдын 19-ноябрда Камбоджада өтүп, 55 мамлекеттен барган сулуулар ат салышат. Miss Planet International 2016-жылы Камбоджада түптөлгөн жана дүйнөдөгү беделдүү сынактардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Кыргызстандык сулуу Жамиля Жыргалбекова авиабилет боюнча көйгөйлөрдөн улам Miss Grand International-2022 сулуулар сынагына катышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14890