Ырчы Бакыт Мамаевге операция жасалды
RU

Ырчы Бакыт Мамаевге операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Обончу, аткаруучу, каскадёр Бакыт Мамаевге бүгүн, 9-ноябрда операция жасалды. Бул туурасында редакцияга ырчынын жакыны Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

"1 саат 15 мүнөткө созулган операция ийгиликтүү болду. Азырынча Бакыт Мамаев ойгоно элек", - деди ал.

Буга чейин ырчынын жакыны каражат топтоо токтотулганын айткан. "Аз күн аралыгында элден 6500 доллар чогулду. Калган сумманы туугандары чогулттук. Бүгүн түшкү убакта операция жасалат", - деген.

Белгилесек, Бакыт Мамаев 3-ноябрда оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага тез арада операция жасатуу зарыл болуп, каражат топтоо башталган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14894