Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды
RU

Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп экс-мэр Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Маалыматты президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык, Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал башка ишке өткөндүгү маалым болду.

Белгилесек, 31-октябрда Эмилбек Абдыкадыров отставкага кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14914