Садыр Жапаров: Кыргызстан Палестин элинин эгемендүүлүккө болгон укугун тааныйт
RU

Садыр Жапаров: Кыргызстан Палестин элинин эгемендүүлүккө болгон укугун тааныйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Эр-Риядга (Сауд Аравия Королдугу) иш сапары менен барган Ислам Кызматташтык Уюмунун сегизинчи кезексиз саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстан Палестин элинин эгемендүүлүгүн тааный турганын баса белгиледи.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчысы өз сөзүндө чукул жыйын Палестинада болуп жаткан каргашалуу окуяларга байланыштуу өтүп жатканын белгиледи.

"Кыргыз эли бул кагылыштан улам жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун кесепетинен эбегейсиз жоготууларга жана азапка дуушар болгон палестиндин бардык жарандардын кайгысын тең бөлүшөт.

Ар бир жоголгон өмүр чоң трагедия.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Палестиналык бир туугандарыбызга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууда колдоо көрсөтүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз", - деди ал.

Президент Кыргызстан Палестин элинин эгемендүүлүккө жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааный турганын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14922