Кыргызстандыктар инфекциялык ооруларга каршы иммунитетин акысыз текшерте алышат
RU

Кыргызстандыктар инфекциялык ооруларга каршы иммунитетин акысыз текшерте алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин (Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу аркылуу) акысыз текшере алышат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

Учурда Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү.

Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында - жарандарды кызамык, кызылча, паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатит боюнча 13-ноябрдан 25-ноябрга чейин акысыз тестирлөөдөн өткөрөт.

Популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондогу, ошондой эле жалпы республика боюнча калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл.

Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөөнүн жыйынтыгы катышуучулардын баарына берилет.

Изилдөөгө катышуу үчүн анкетаны толтуруу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14925