Бишкекте мас айдоочу жүк ташуучу унаа менен баланы тебелеп кеткен
RU

Бишкекте мас айдоочу жүк ташуучу унаа менен баланы тебелеп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте баланы сүзүп өлтүргөн адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аттары өзгөртүлдү.

Мурда соттолгон Эрболот, тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-майында борбор калаанын Энесай конушунда мас абалында жүк ташуучу унааны айдап бараткан. Жолдун жанында коштоосуз жаш балдар ойноп жатканын көрүп, жолдон өтүп бара жаткан баланы сүзүп, андан соң арткы дөңгөлөгү менен кулап түшкөн баланы тебелеп кеткен.

Жабыркаган бала ошол жерден каза болгон.

Экспертиза айдоочунун мас абалында болгонун тастыктады. Тергөө тарабынан айыпталуучунун аракеттери "транспорт каражатын башкарып жаткан адамдын алкоголдук ичимдиктерди ичкендигинен улам, байкабастыктан ден соолукка өзгөчө оор залал келтирген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын колдонуунун эрежелерин атайылап же этиятсыздык менен бузуу" деп табылган.

Соттук отурумда айыпталуучу Эрболат күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, кылган кылмышына өкүнүп, достору менен бир литрге жакын сыра ичкенин түшүндүрдү. Ал киши 200-300 метр аралыкта жолдун эки тарабында тротуарда ойноп жаткан балдарды көргөнүн айткан. Бирок айыпталуучунун айтымында, бала топту ыргытып, жолдун четине чуркап чыга баштаган. Соттук териштирүүдө белгилегендей, Эрболот баланы сүзүп албоо үчүн дароо ылдамдыгын азайтып, унааны капталга тарта баштаганына карабай, сүзүп алган. Андан кийинки учур айыпталуучунун эсинде жок. Окуядан кийин милиция кызматкерлери келип наркологиялык борборго алып кетишкен.

Каза болгон баланын атасы 2022-жылдын сентябрь айында уулун мурунку аялы Бишкекке алып кеткендигин, ал жерден аны унаа сүзүп өлтүргөнүн айтты. Жабыркаган тарап материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү менен кайрылган эмес.

Күбө Эрболотту айдоочулукка алып, ошол күнү кара топурак жүктөө үчүн жибергенин айтты. Бирок башка айдоочу телефон чалып, Эрболот баланы сүзүп алып, каза болгонун билдирген.

Свердлов райондук соту айыпталуучу Эрболотту күнөөлүү деп таап, үч жылдык мөөнөткө автотранспорт каражаттарын башкарууга байланыштуу айрым иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясына эркинен ажыратылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: stylishbag.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14929