Жергиликтүү эл: Лейлектеги Аркабир айылын Тажикстан басып алды. Бардык объектилер өрттөндү
RU

Жергиликтүү эл: Лейлектеги Аркабир айылын Тажикстан басып алды. Бардык объектилер өрттөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районундагы Аркабир айылын Тажикстандын күч структуралары басып алышты. Бул тууралуу Kaktus.media'га жергиликтүү тургун айтып берди.

Белгилей кетсек, бул бүгүн, саат 13-14:00го карата маалымат.

Анын айтымында, тажик тарап бир нече мейманкананы, 15 май куюучу жайды жана дүкөндөрдү өрттөп салды.

"Учурда жергиликтүү тургундардын үйлөрүн техниканын жардамы менен бузуп жатышат. Биздин аскерлер жок. Алар бул жерден үч километр аралыкта жайгашкан экен. А бул жер болсо Афганистанга айланып калды. Биз тараптан эч кандай реакция жок", - деп айтып берди.

Андан тышкары, учурда тажик аскерлери милиция участогун жана айыл өкмөтүн басып алып өз желегин орнотушту. "Эмне үчүн биз тараптан эч кандай реакция болбой жатат? Эмне үчүн биз булардын бардыгына унчукпай карап турушубуз керек?" - деп жергиликтүү тургун нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында коңшу тажик айылындагы достору ага Баткен облусунан кетип калуусун, деп суранып жатышыптыр. Себеби, абал өтө коопту, кыргыз жарандарынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. "Алар бизге Тажикстандын күч структуралары жана аскер техникасы чек ара тарапка улам келип жатат, деп айтышты", - деп Аркабир айылынын тургуну билдирди.

УКМК белгилегендей саат 14:00дон кийин айылдагы кырдаал турукташып тажик желеги алынган. Айылдагы абалды Кыргызстандын күч структуралары көзөмөлдөп жатышат. Азыр айылга Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Суваналиевдин келүүсү күтүлүүдө. Бул 16:30га карата берилген маалымат.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
  • Бүгүн, болжол менен саат 13:00до Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүү өткөрүштү. Камчыбек Ташиев тараптар аскерлерин чек арадан алып кетүүнү макулдашышканын билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1493