Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү саткан ишкер кармалды
RU

Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү саткан ишкер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мөөнөтү өтүп кеткен импорттук азык-түлүктөрдү сатуу фактылары аныкталды. Коопсуздук комитетине Бишкектеги кампалардын биринде мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн колдонуу убактысы өзгөртүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалымат боюнча ветеринардык кызматтын жана Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын адистери менен биргеликте "Маслосырбазанын" кампаларынын биринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Кампаны К.С.В. жана М.Р.А. аттуу ишкерлер иштетип жаткан.

Аталган ишкерлер мөөнөтү өтүп кеткен азыктарга жаңы дата басуу, чет элдик чийки колбаса азыктарын жеткирүүчүлөрдүн этикеткаларын даярдоо боюнча жашыруун цех уюштурушуп, кийин алар Кыргыз Республикасынын ири соода түйүндөрү аркылуу калкка сатылып жаткандыгы аныкталган.

Мындан тышкары өлкөнүн бажы жана салык органдары тарабынан эсепке алынбаган чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарлары аныкталды.

Мөөнөтү өткөн товарлардын баары конфискацияланып, тиешелүү тартипте жок кылынат.

Бул кылмыш иши боюнча жеке ишкер К.С.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берген кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14941