"Общактын кассасына" акча опузалаган деп Көлбаевдин тобунун мүчөсү кармалды. Видео
RU

"Общактын кассасына" акча опузалаган деп Көлбаевдин тобунун мүчөсү кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум кримавторитет Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун "Шпана" аттуу мүчөсү кармалды. УКМКдан билдиришкендей, ал опузалап акча талап кылганга шектелет.

К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, 9-ноябрда 29 жаштагы А.уулу Д. аттуу жаран кармалды. Ал К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон.

Такталгандай, учурда №8 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан 1999-жылы туулган Э.М.дин буйрутмасы боюнча А.уулу Д. 7-ноябрда А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган.

Жолугушуудан кийин А.уулу Д. уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен А.Э.А.ны унаага салып, белгисиз тарапка алып барып денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң коркутуп, физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, абакта жаткан уюшкан топтун кассасын (общаковской кассы) толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалашкан. Жабырлануучу укук коргоо органдары менен байланышса ага карата физикалык күч колдонуларын айтышкан. Андан соң аны Эркиндик бульварынаа жеткирип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөт беришкен.

Учурда УКМК тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14944