Бишкекте 2 окуучу өздөрү окуган мектепте бомба бар деп билдирүү таратышкан
RU

Бишкекте 2 окуучу өздөрү окуган мектепте бомба бар деп билдирүү таратышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мектептердин биринде бомба коюлган деген жалган билдирүү таратканга шектелген өспүрүмдөр аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуучу мугалимдердин бирине билдирүү жөнөткөн.

14-ноябрда Койбагаров көчөсүндөгү мектеп-гимназиянын мугалимине WhatsApp аркылуу "Саламатсызбы, сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт" деген билдирүү жөнөтүлгөн. Бул тууралуу милицияга дароо кабар берилген.

Жерине барган кызматкерлер жарылуучу затты табышкан эмес.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2009-жылы туулган М.Н. жана М.А. аттуу окуучулар шектүү катары кармалды. Балдар ошол эле мектеп-гимназияда билим алышат.

Окуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүлүп, мындан ары мындай фактыларды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14947