Нарында сабалган кыздын окуясы. Жаакка чапканда кежигеси банкоматка тийген
RU

Нарында сабалган кыздын окуясы. Жаакка чапканда кежигеси банкоматка тийген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында банкоматка кезекке турган 20 жаштагы кызга белгисиз адам кол көтөргөн. Окуя тууралуу жабырлануучу милицияга кабар берген.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 14-ноябрда саат 10:40 чамасында болгон. Анда 2003-жылы туулган кыз "Чолук-Ата" соода борборунун ичиндеги банкоматтан акча алайын деп жатканда кезек талашкан 30 жаштардагы эркек адам жаакка чаап, качып баратканда муштум менен башынын оң тарабына чаап, денесине жаракат келтирген. Арыз ээсине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Шектүүнүн аракетине юридикалык баа берилет

Нарын ОИИБден билдиришкендей, териштирүү иштеринин жүрүшүндө кызга кол көтөргөн жаран Орто-Нура айылынын 1992-жылы туулган тургуну экени такталды.

Кылмышка шектүүнүн айтымында, банкоматка кезек талашып кетип, кыз менен оозеки урушуп, уруп жиберген. Шектүүгө 2012-жылы "Талма учурундагы жеңил деменция" деген диагноз коюлган.

Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.Тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Жабырлануучунун алган жаракаты жана абалы

20 жаштагы кыз алган жаракаттарынан улам Нарын облустук ооруканасына кайрылган. Бейтаптын абалы тууралуу оорукананын директорунун орун басары Усен Курманбаев буларды айтып берди.

"20 жаштагы К.А`га баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Анын желкесинде кичине шишик бар, жаагы жана оң жак ийини жабыркаган. Жаакка чапканда кежигеси банкоматка тийип, оң жагы менен кулаган. Учурда абалы туруктуу", - деди адис.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14949