Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр экенин билдирди
RU

Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр экенин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу РИА Новости РФтин президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме жасап жазып чыкты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликти жөнгө салууда Россиялык лидердин ортомчулугу тууралуу суроого жооп берип жатып: "Албетте, ЖККУ жана башка түрдүу форматтардагы жалпылыгыбызды эске алганда, президент Путин катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда жаралуучу чукул көйгөйлөрду чечүүдө ортомчу болууга даяр. Буга чейин да бир нече ирет мындай маселелерди чечип келген", - деди Песков.

"Учурда биз жасалган дипломатиялык иштерге жана ок атууну токтотуу чечимине оң баа бердик. Биз мындайды колдойбуз", - деп Дмитрий Песков баса белгиледи.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
  • Бүгүн, болжол менен саат 13:00до Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүү өткөрүштү. Камчыбек Ташиев тараптар аскерлерин чек арадан алып кетүүнү макулдашышканын билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1494