Таштандыдан табылган ымыркайды таенеси алып кетүүгө даяр
RU

Таштандыдан табылган ымыркайды таенеси алып кетүүгө даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги таштанды челектен табылган наристени таенесине берүү маселеси каралат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г. (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген.

Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттардын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Эске салсак, 8-ноябрда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табылып, "Тез жардам" кызматы менен №1 төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Балага дарыгерлер Садыр деген ысым ыйгарышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14951