Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Малайзия менен беттешет. Футболду кайдан көрсөңүз болот?
RU

Бүгүн Кыргызстандын футболчулары Малайзия менен беттешет. Футболду кайдан көрсөңүз болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында бүгүн, 16-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Малайзия менен ойнойт.

Квалификациялык D тайпасынын 1-турунун алкагында Кыргызстандын курамасы конокто Малайзиянын курама командасы менен беттеш өткөрөт. Оюн Куала-Лумпурдагы "Букит Жалил" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Күйөрмандар үчүн түз эфир менен күйөрмандык кылуу аянты уюштурулат.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен тайпадан эң мыкты эки команда тандоонун кийинки баскычына өтөт.

Эскерте кетсек, 21-ноябрда биздин "Ак шумкарлар" Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо экинчи беттешин Оман менен өткөрөт.

Акыркы жолу Кыргызстан менен Оман 2021-жылы ойногон. Анда 1:0 эсебинде Оман жеңишке жетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14957