Жеңиш күндүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт
RU

Жеңиш күндүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн урматына арналган ат оюндары өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жана Тажикстан Республикасы менен болгон чек ара чатагынан улам кабыл алынган.

Эске салсак, ат оюндары Талас облусунда, 4-9-май күндөрү өтмөк. Ошондой эле, Ош шаарында өтө турган ат чабыш да токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1495