Мыктыбек Оролбай уулу UFC турниринде сербиялык мушкерди мөөнөтүнөн мурун жеңди!
RU

Мыктыбек Оролбай уулу UFC турниринде сербиялык мушкерди мөөнөтүнөн мурун жеңди!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешинде ийгилик жаратты.

Ал бүгүн кечинде сербиялык Урос Медич менен беттешти.

Кыргызстандык мушкер 18-ноябрда Лас-Вегаста өтө турган UFC FN Vegas 82 турниринин алкагындашы биринчи беттешинде сербиялык спортчуну муунуту ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Эске салсак, Тарзан каймана аты менен таанымал кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн алдыңкы лигасы UFC менен төрт беттеш өткөрүүгө келишим түзгөн.

Учурда бир туугандар Валентина менен Антонина Шевченколор Кыргызстандын желеги менен UFCде чыгып жүрүшөт.

Буга чейин Рафаэль Физиев Кыргызстандын атынан чыгып, кийин кыргыз желегинин астында беттешүүдөн баш тарткан эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14974