Дагы эки кыргызстандык жаран чек ара маселесинен улам каза тапты.
Тажикстан чек арасында болгон конфликттен улам 33 кыргызстандык жарам каза тапты. Бул жөнүндө министрдин орун басары Ализа Солтонбекова маалымдады.
"Бүгүн, 1 майдын саат 11:00гө карата каза тапкандардын саны 31 адам болчу. Азыр алардын саны 33кө жетти", - деди ал.
Жалпысынан 154 киши жабыркады. Жанжал жүруп жаткан аймактан 27 358 адам эвакуацияланды.
- 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
- 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
- Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
- Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
- Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
- 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
- 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
- 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
- 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
- 1-майда тараптардын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1497