Арка-1 айылында Тажикстандын куралдуу күчтөрү өзүнүн желектерин желбиретти
RU

Арка-1 айылында Тажикстандын куралдуу күчтөрү өзүнүн желектерин желбиретти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек арада жайгашкан Арка-1 айылында Тажикстандын куралдуу күчтөрү бир нече көчөнү басып алып, желектерин орнотушту. Бул жөнүндө жергиликтүү жашоочулар айтышты.

Алардын берген маалыматка караганда, тажиктер кафе мекемесин басып алып, өрттөп, эми кире беришине өз желегин илип коюшкан. "Видеону жакшылап карасаңар, алардын майрамдап жатканын көрсө болот. Бирөөсү биздин калпакты мазактап кийип алган", - деп жергиликтүү турган айтты.

Анын айтымында, күч структураларындагылар өздөрүнүн үйүнө кирүүгө аракет кылган жергиликтүү жашоочуларга ок атып жатышат.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 1-майда тараптардын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1498