Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 3 окуучу табылды
RU

Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон 3 окуучу табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 окуучу 12-ноябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Бүгүн, 21-ноябрда окуучулар табылганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, балдар Ош шаарынан табылган. Азырынча алар ата-энелерине өткөрүлө элек.

Белгилесек, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев, Замирбек Мамбетов жана 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиев 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатышкан бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14991