Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери тараптар макулдашышты деп билдиришти
RU

Эки өлкөнүн УКМК жетекчилери тараптар макулдашышты деп билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын делимитация жана демаркациясы боюнча жалпы билдирүү жасашты. Анда эки тарап макулдашууга келгени айтылат. Эки өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон төрт пунктан турган протокол кабыл алынды.

Эске салсак, Кыргызстандын делегацисын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген, ал эми Тажикстандын делегациясын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген болчу.

"Сүйлөшүүлөр жемиштүү өттү. Чек ара аймагында трагедия орун алды, мындай көрүнүш башка эч качан кайталанбашы керек. Биздин эл бир аймакта ынтымактуу жашашат. Биз, саясатчылар, элибизге тынчтыкта жашоого шарт түзүп беришибиз керек. Кыргыз-тажик жеринде тынчтык орнойт. Өз ара түшүнүшүү болот деп ишенем", - деди Тажикстандын УКМКбашчысы Саймумин Ятимов.

"Биз эки өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон, төрт пунктан турган протокол кабыл алдык. Биздин элдер кыйын күндөрду башынан кечирип жатат. Эки өлкөдө тең кайгылуу окуялар орун алды. Ок атууну толугу менен токтотуу чечими кабыл алынды. Аскер түзүмдөрү туруктуу дислокация орундарына жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндөн тартып, коңшуларыбыздын жана биздин аракетибиз менен өлкөлөрүбүздө тынчтык орнойт. Өзгөчө чек ара аймагында", - деп Камчыбек Ташиев билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1499