"Мекеним Кыргызстандын" үгүтчүсү транформаторду алып кетет. Анткени, аз добуш чогулткан
RU

"Мекеним Кыргызстандын" үгүтчүсү транформаторду алып кетет. Анткени, аз добуш чогулткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боршайкомдун ыкчам чара көрүү координациялык тобуна аудио жаздыруу боюнча маалымат келип түшкөн. Ал өткөн парламенттик шайлоого жана "Мекеним Кыргызстан" партиясына тийиштүү.

Маселен, аудиожаздырууда Н.Наматова деген жаран, Айнагүл деген аялга кайрылып, мурда "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан кайрымдуулук катары ошол жерге орнотулган транформаторду кайра жүктөп берүүсүн талап кылат (аудиожаздырууда кайсы жер же айыл экени айтылган эмес).

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча бул аймакта шайлоочулардын добуштары "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол", "Биримдик" партияларына берилип, "Мекеним Кыргызстан" убадаланган 400 добуш албай калганын жашоочуларга айтып кой, деп Наматова билдирип жатат. Үгүтчүлөргө так ушундай сандагы добуш берилет деп убада берилген экен.

Аудиожаздырууда, Наматова шайлоочулар менен түзгөн келишим боюнча бардык милдеттерин аткаргандыгын, бирок шйлоочулар өз сөзүнө турбаганын, ошондуктан трансформаторду алып кетээрин билдирет.

Аудиожаздыруунун экинчи бөлүгүндө Наматова Ширин деген аялга кайрылып, анын тууганы Айжандын ишине нааразы экенин айтат. Ал шайлоо учурунда "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясын колдоп, ага белгилүу бир сандагы добуштарды убада кылыптыр, бирок анысын аткарган эмес.

Наматова Айжан алган акчасын кайтарып берсин, деп талап кылып, эгер баш тартса, катуу чаралар көрүлө турганын эскерткен.

Материалдар ИИМге жана генпрокуратурага өткөрүлүп берилди. Аудиожаздыруу боюнча кайрылуу Бишкектин Ички иштер боюнча Башкы башкармалыгында катталган.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бирок анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындай чечимдин кабыл алынышына добуштарды сатып алуунун көптөгөн фактылары таасир этти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/149