Жол эрежесин 755 жолу бузган айдоочу унааны былтыр алганын айткан
RU

Жол эрежесин 755 жолу бузган айдоочу унааны былтыр алганын айткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда айдоочу жол эрежесин 755 ирет бузган. Мындай бузуулар 1,5 жыл ичинде катталганын Чүй ОИИББи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Айдоочу 2022-жылдын 30-майынан тартып, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу орнотулган видео байкоого түшүп калган. Ал айып пулдарды өз убагында төлөбөгөнү үчүн Бишкек-Кордай жолунан токтотулуп, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Аталган мекемеден редакцияга билдиришкендей, унаанын номери Кыргызстандыкы эмес. Ал эми айдоочу Chevrolet Lacetti унаасын былтыр сатып алган. Ага чейин унаа ижарага берилип келген имиш. Айдоочуну унааны чыгаруусу үчүн айып пулдун баарын төлөшү керек.

Бул маалыматтан кийин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Башка өлкөнүн номери тагылган унааларды башкарган айдоочулар көп жолу жол эрежесин бузганын байкап эле жүрөбүз. Алар эреже бузган учурда "Коопсуз шаардын" камераларына түшпөйбүз деп ойлошот. Каршы тилкеге чыгып, жол чийиндерин кесип, жол чыракта кызыл күйүп турганына карабай өтүп кетишет. Бул маалымат Россия, Армения, Грузия жана башка өлкөлөдүн номеринде жүргөн транспорт ээлерине пайдалуу деген ойдобуз", - дедп жазды ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15003