Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткенге кетүү үчүн курал таратуусун талап кылышты
RU

Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткенге кетүү үчүн курал таратуусун талап кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында баткендиктерди колдоо митинги өтүп жатат. Бул тууралуу 24.kg билдирди. 200гө чукул киши алардын алдына президент Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышты.

Митингдин катышуучулары аларга курал жарак таратууну талап кылышууда. Плакаттарда "Мекенибизди коргогонго даярбыз, бизге курал бергиле", деп жазылып турат. Айрымдар өкмөт үйүнүн эшигин сындырайын деп аз калышты. Бирок башкалары аларды сүрүп чыгарышты. Милиция коомдук тартипти орнотуу аракетин көрүүдө, деп басылма билдирди.

iframe:16x9]<iframe width="560" height="315" src="https://www.youtube.com/embed/04_QYK8wox4" title="YouTube video player" frameborder="0" allow="accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture" allowfullscreen></iframe>э[/iframe]

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 1-майда тараптардын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1501