Ырчы Бахадыр Карабаев каза болду
RU

Ырчы Бахадыр Карабаев каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, "Жаш Кыял" тобунун жетекчиси Бахадыр Карабаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ырчынын каза болгонун саналааштары билдиришти.

Маркум 47 жашта болгон.

Белгилесек, "Жаш Кыял" тобу 1990-2000-жылдары популярдуу болуп, "Ананайын", "Алтыным", "Гүлмира", "Махабат", "Салфия", "Унутчу мени" ырлары эл оозунан түшкөн эмес. Топтун курамында Бахадыр Карабаев, Алмаз Умарбеков, Алмаз Белеков, Алмаз Жороев, Дооронбек Жолдошев, Назира Алимжанова, Нурила Салмаматова болгон. Кийин чыгармачылыкта Бахадыр Карабаев менен Дооронбек Жолдошев эле калган.

Бахадыр Карабаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15022