Ош ОИИБдин эки орун басарынын мушташын видеого тартып алышкан
RU

Ош ОИИБдин эки орун басарынын мушташын видеого тартып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ошто сабалган (беттери кан) милиция кызматкерлери тартылган видео тарап жатат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, видео милиция үйүнүн жанында тартылган. Андан Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарын (ак көйнөкчөн адам) жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызмат боюнча экинчи орун басарын (кара курткачан адам) көрүүгө болот.

Алар сабалганбы же өз ара мушташканбы, азырынча так белгисиз. Ошондой эле видео качан тартылганы белгисиз. Азыр тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15026