Токтогул шаарынын мэри жана анын уулу кармалды
RU

Токтогул шаарынын мэри жана анын уулу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарынын мэри кармалды. Ал кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганга, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деп шек саналууда.

Мамлекеттик кызматкерлер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосундагы мүмкүн болгон кылмыштуу байланыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды.

2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Бирок ал баш тарткан. Мындан улам Т.Э.А. белгисиз адамдарды, анын ичинде Дөө Чыңгыз каймана аты бар Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун Токтогул шаарынын "байкоочусу" болгон И.Б.А. аттуу жаранды тартып, ишкерге физикалык күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтиребиз дешип ишкананын 50% үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашкан. Бөлүнгөн үлүштү Т.Э.А.нын уулунун атына каттаткан.

Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казуу, сатуу иштери жүргүзүлүп, түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган. Экологиялык жана техникалык талаптар одоно бузулуп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын баласы Э.уулу А., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А. жана компаниянын өкүлү С.уулу Б. кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15029