Бекбосун Жайчыбеков: Жогоку Кеңеш биздин желекке болгон укуктарыбызды алып коюптур
RU

Бекбосун Жайчыбеков: Жогоку Кеңеш биздин желекке болгон укуктарыбызды алып коюптур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Желекти өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун сунушу коомдо сынга алынып, көпчүлүк жарандар ага каршы ойлорун билдирип жатышат.

Буга карабай, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алды. Жыйынга желектин авторлору чакырылган, алар: Эдил Айдарбеков, Жусуп Матаев жана Мырзабек Батырканов. Сүрөтчү, желектин дагы бир автору Бекбосун Жайчыбеков чакыртылган эмес.

Бекбосун Жайчыбеков kaktus.kg редакциясына желекти өзгөртүү боюнча үн катып, көзүнө жаш алды. Ал азыр ооруканада жатат.

"Мен бардык нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алам. Бул көзгө жаш алгандай эле оор тийди", - деди ал.

Желектин автору Жогорку Кеңештин жыйынына барып, желектин авторлору өзгөрүүлөргө макул деп жаткан Жусуп Матаев дейт. Ал бийликтин буйругун аткарып жатабы деген сурообузга, Бекбосун Жайчыбеков "Албетте" деп жооп берди.

"Жусуп Матаевдин желекке тиешеси жок!"

"Көрсө, мурда эле Матаев менен бийлик сүйлөшүп алышкан экен. Ошол жерде биз менен отурган Медеткан Шеримкулов авторлордун көзүнүн тирүүсүндө, алардын макулдугу жок, желекти өзгөртүүгө укугуңар жок деди. Ии, түшүнөбүз дешкен", - дейт ал.

Жайчыбеков Жусуп Матаевдин желекке тиешеси жок экенин да кошумчалады.

"Желекке ээлик кылуу укугубуздан ажыратышты"

Бекбосун Жайчыбековго жакында эле алар желектин автору эмес экенин айтышкан. Ал авторлор, 32 жылдан бери бийликтен "желекке ээлик кылуу укугу" жөнүндө документ сурап келе жатканын, алар улам бир шылтоо менен бербей келип, эми желектин авторлорунун укуктарын Жогорку Кеңеш сатып алган деген документ көрсөтүп жатышканын кошумчалады.

"Жогорку Кеңеш мыйзамды табышыптыр. Себеби, башында эсимде: мен мыйзамдын жобосун алып барганмын, Шакиевге көрсөткөнмүн. Көрдүңөрбү, 32 жылдан бери документ жок, эч нерсеси жок жашап келе жатабыз деп. Мыйзамдын жобосу боюнча биз толук мамлекеттик камсыздоодо болушубуз керек болчу да.

Бизге окуп берген мыйзамдын жобосун мыйзам катары кабыл алышыптыр. Алар биздин укугубузду сатып алган экен да. Алар мына, мыйзам бар экен деп туруп, Шеримкуловдун оозун жаап койду да", - дейт автор.

Бул автор башынан эле желекти өзгөртүүгө каршы. Спикер Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов авторлор өздөрү өзгөртүүгө макул дегени үчүн коом тараптан сынга алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15039