Коопсуздук кеңешинин секретариаты: Курал жарак таратуу талабын орундатуу мүмкүн эмес
RU

Коопсуздук кеңешинин секретариаты: Курал жарак таратуу талабын орундатуу мүмкүн эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөт үйүнүн алдына митингге келгендер Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал жарак берүүну талап кылып жатышат. Бирок Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешмесинин секретариаты, бул талапты орундатуу мүмкүн эместигин билдирди. Анткенин анын кесепети оор. Бул тууралуу презиенттин аппаратынын маалымат бөлүмүнун расмий билдирүүсүндо жазылган.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты чечүү боюнча өкмөттүк делегациялардынн сүйлөшүүлөрү уланып жаткандыгы айтылды. Андан тышкары чек ара кызматындагы структуралардын экии жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
  • 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
  • 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
  • 1-майда тараптардын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
  • Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
  • Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1503