Пиротехникалык каражаттарды ташыган жүк ташуучу унаадан чыккан өрт өчүрүлдү
RU

Пиротехникалык каражаттарды ташыган жүк ташуучу унаадан чыккан өрт өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 28-ноябрда HOWO унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды. Жүк ташуучу унаада пиротехникалык каражаттар болгондуктан, кырсыктан фейерверктер жарылып, өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүү саат 21:40та башталып, 29-ноябрга караган түнү саат 1:31де өрт толук өчүрүлдү.

Транспорт министрлиги берген болжолдуу маалыматтарга караганда, жүк ташуучу унаанын токтотуучу (тормозной) системасы иштен чыгып, айдоочу жолдогу парапеттерди сүзүп, күйгөн. Ал эми каза болгон адам оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу экени болжолдонууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15040