Кыргызстанда малды, канаттууларды каттоо пландалууда
RU

Кыргызстанда малды, канаттууларды каттоо пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарба каттоосун өткөрүү мерчемделүүдө. Каттоого даярдык көрүү боюнча тиешелүү мыйзам долбоору Улуттук статистикалык комитеттин коомдук талкуусуна чыкты.

Документте каттоонун актуалдуулугу өлкөнүн айыл чарбасында акыркы 20 жылдын ичинде болгон олуттуу өзгөрүүлөр менен да байланыштуу экени айтылат.

Улуттук статистикалык комитет тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга жарыяланган Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алуу максатында Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү пландаштырылууда, анда мал жана канаттуулар бир жолку кайра саноодон өткөрүлөт.

2024-жылдын 1-ноябрынан 20-ноябрына чейин Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо, Чек-Абад айыл аймактарында, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка жана Милянфан айылдарында айыл чарба каттоосун сыноодон өткөрүү мерчемделүүдө. Каттоону өткөрүү үчүн республикалык комиссия түзүлөт.

Бул каттоо мамлекеттик жана коллективдик чарбаларга (анын ичинде окуу жайлардын, өнөр жай, транспорт, курулуш жана башка ишканалар менен уюмдардын көмөкчү чарбалары), дыйкан (фермердик) чарбаларына, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзгөн жеке ишкерлердин чарбаларына, калктын жеке көмөкчү чарбаларына (анын ичинде коллективдүү бактар, огороддор) жайылтылат.

Айыл чарба каттоосу "Жерди пайдалануу" бөлүмүндө документалдуу далилдер менен жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15041