Окуучулар сабакты үзгүлтүккө учуратуу максатында бомба тууралуу билдирүү таратышкан
RU

Окуучулар сабакты үзгүлтүккө учуратуу максатында бомба тууралуу билдирүү таратышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде 30-ноябрда боло турган теракттар тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катышкан балдар аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кармалгандар 9-класстын окуучулары.

Бишкектеги №33 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары - 2009-жылы туулган Р.И.Д., 2008-жылы туулган К.А.А., 2008-жылы туулган Э.Э.В. бейбаштык максатында өздөрү окуган мектептин электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

Окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында тартип бузгандар фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. Аталган окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышты.

Бишкектеги жардыруулар боюнча анонимдүү маалыматтар боюнча иштерге окуучулардын катыштыгы бар, жогу такталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү" боюнча бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500-1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу менен, же 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15060