Сауналар жана мейманканалар текшерилүүдө. Бишкекте "Көпөлөк" рейди жүрүп жатат
RU

Сауналар жана мейманканалар текшерилүүдө. Бишкекте "Көпөлөк" рейди жүрүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин аймагында "Көпөлөк" профилактикалык рейди жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү 30-ноябрда башталган. Биринчи күнү милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштеши мүмкүн болгон жерлерди - сауналарды, мейманканаларды, ижарага алынган батирлерди текшеришкен. Маалым болгондой, 1-декабрга карата 60тан ашык секс-кызмат кылгандар аныкталса, алардын төртөө 18 жашка чыга элек.

Бардык фактылар райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИБдин турак жай бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ар кандай мессенджерлерде аркылуу мурда түзүлгөн топтор аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү үчүн кардар издешкен кыздар да аныкталды.

"Кийинчерээк толук маалымат берилет" деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, милиция кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөтүүгө жана сойкуканаларды кармоого тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылып, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15066